07.06.2019 11:20

Сергей Слесарев: Кулматов менен Ибраимовдун соту мыйзам бузуулар менен өтүп жатат

Сергей Слесарев: Кулматов менен Ибраимовдун соту мыйзам бузуулар менен өтүп жатат

Бүгүн, 7-июнда Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматова менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Процесстин жүрүшүндө мурунку калаа башчыларынын жактоочусу Сергей Слесарев соттук отурумдун өткөрүлүшүнө каршылыгын билдирди. Ал соттолуучулар кылмыш иши менен таанышып чыгууга үлгүрө электигин айтып, мындан улам соттук отурум токтотулушу керектигин белгиледи. 

«Кечээ биз кылмыш иштин бир бөлүгү менен таанышып чыктык. Таанышууга жакшыраак шарт түзүлсө болмок. Кулматов менен Ибраимов тордун артында отурушту. Жактоочуда жада калса алардынкөз караштары тууралуу купуя сүйлөшүп алууга мүмкүнчүлүк жок.  Дүйнө жүзү боюнча тор адам укугун бузуу катары таанылган», - деп түшүндүрдү жактоочу. 

Слесарев мыйзам боюнча сот процессти токтотушу керек экенин билдирди. 

«Сот кылмыш ишти кароону токтотушу керек. Мындан улам, мен соттук отурумдун өткөрүлүшүнө каршылыгымды билдирем», - деди  ал.