14.12.2018 10:46

Сергей Слесарев: Кулматовго каршы ачылган иш ойдон чыгарылганы көрүнүп эле турат

Сергей Слесарев: Кулматовго каршы ачылган иш ойдон чыгарылганы көрүнүп эле турат

«Кулматовго каршы ачылган иш ойдон чыгарылганы көрүнүп эле турат», - деп билдирди жактоочу Сергей Слесарев Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт коюу чарасын узартуу боюнча өткөн соттук отурумдун жыйынтыгы тууралуу. 

 «КР Кылмыш-жаза кодексинде соттук отурумдардын ачык өтүшү жазылганына карабастан, отурум жабык режимде өттү. Мен бул акылсыздык деп эсептейм. Биздин учурда сот жөн гана эшикти жаап алып, кирүүгө укугу барларды киргизбей койду. 

      Кулматовго каршы ачылган иш ойдон чыгарылганы көрүнүп эле турат. Тергөө жана соттук териштирүүлөр учурунда очойгон мыйзам бузуулар болду. Экспертиза бир иш боюнча дайындалса, камакта кармоонун жана тергөөнүн мөөнөтүн узартуу Кулматовдун иши боюнча жүрдү. Кийин бул эки ишти бириктирип коюшту. 

      Өкмөттүн учурда иштеп жаткан токтому бар, бирок тергөө иштебеген, жок токтомго таянууда. Тергөө Кубанычбек Кулматовдун россиялык жарандыгы бар деп ырастоодо, бирок, коргоо эбак эле Кулматов Россия жараны эмес экенин документтер менен тастыктап берген. Андан сырткары, Кулматов мэр болгон учурда грант бөлүнүп берилген менен, мектептин курулушу али баштала элек болчу. Мен бул фактылардын баарын санап бергенге даярмын, бирок анын сотко кереги деле жоктой: соттор фактыларды угуп да коюшпайт.  Алар тергөөнүн эч далили жок, кургак сөздөрүнө ишенишет. 

     Соттук териштирүү учурунда бир дагы коллегия, бир дагы судья өзүнүн  пикирин билдирген жок. Мыйзамдуулуктун жана тергөөнүн үстүнөн көзөмөл кылууга, сотко катышып, соттогу мыйзамдуулукту колдоого милдеттүү бир дагы прокурор  бул тууралуу айткан жок. Башкы прокурор үн катпайт, анын орун басары Нурлан Дарданов кол койбой турган документтерге кол коет.  Анын кесепетинде Кулматов 7 айдан бери камакта отурат. Мыйзамды коргой турган юридикалык бомонд кана, каякта деген суроо салгым келет. 

    Кулматовдун иши боюнча мен эки жолу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жөнөттүм: ал бирөөсүнө да жооп берген жок. Бул ишти аткарышы керек болгон президенттин аппараты дагы унчукпайт. 

   Кулматовдун бөгөт коюу чарасын узартуу чечими боюнча биз Жогорку Сотко даттануу ниетибиз бар. Бирок, менин соттук системадан толук көңүлүм калды. Андыктан, даттануунун кереги барбы деген күмөн жаралып баштады», - деп билдирди Сергей Слесарев.