01.10.2019 19:04

Шаар тургундарынын үйүнө жылуулук качан берилери айтылды

Шаар тургундарынын үйүнө жылуулук качан берилери айтылды

Бишкекте жылуулук сезону ноябрь айында башталат. Бул туурасында журналисттерге Бишкек ЖЭБ директору Андрей Воропаев билдирди.

Анын айтымында, учурда ЖЭБдин кампасында 130 миң тонна көмүр бар. Анын 119 миң тоннасы Кара-Кечеден, калган 11 миң тоннасы Казакстандан алынып келинген.

«Ташып келүү графикке ылайык аткарылууда. Күзгү-кышкы мезгилдин башталышында 200-220 миң тонна көмүр керектелет. Октябрда абанын температурасы орточо 10 градустан жогору жылуу болот. Мындан улам жылуулук сезону ноябрдын башында башталат», -деди Андрей Воропаев.