Шаар тургуну: Аткаминерлер ушундай акыбалдагы автобус менен күнүгө жумушка барып келишин каалайм

Шаар тургуну: Аткаминерлер ушундай акыбалдагы автобус менен күнүгө жумушка барып келишин каалайм

Бишкек шаарынын тургуну борбордогу №42 автобустун абалына нааразы. Бул тууралуу April.kg редакциясына кат жолдогон окурман коомдук транспорттун сүрөтүн да жөнөткөн.

«Саламатсыздарбы! Мен кечээ күнү жумуштан чыккандан кийин аябай өкүнүчтүү абалга туш болдум. Шаардын четинен №42 автобуска түшүп, унаанын ичиндеги шартты көрүп, аябай көңүлүм иренжиди. Ушунчалык эски, кир. «Бишкектин тургундары ушундай абалга татыктуубузбу?!» деген суроону берип, жооп издедим. Мамлекетке айлык акыбыздан салык  төлөйбуз. Магазинден чек сурайбыз. Анан бул эмне деген көрүнүш?! Ушул автобустун абалын өйдө жакта олтурган өлкөнү башкарган акылы жоктор көрдү бекен?! Мен көрмөк тургай, ушундай акыбалдагы автобус менен күнүгө жумушка алып барып келишин каалайм. Эмнеге жөнөкөй адамдар гана ушундай мамилеге татыктуу?! Ушундай көрүнүштөрду көргөндө башка мамлекетке эле барып иштегиң келет. Жээнбеков, Мирзиёев, Суракматов ушундай автобуска түшүп көрдү бекен?! Байкуш автобустун бир соо жери жок экен», -дейт жаран.