20.04.2018 14:42

Шаардык кеңештин депутаттары менен мэрия шахмат боюнча күч сынашат

Шаардык кеңештин депутаттары менен мэрия  шахмат боюнча күч сынашат

21-апрелде  Park Hotel  отелинде шахматты сүйүүчүлөр арасында Бишкек шаарынын Кубогу үчүн беттеш өтөт. Бул таймаш Шаар күнүнө арналмакчы. Иш-чара саат 10:00до башталат.

Турнир шахмат сүйүүчүлөрүн жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын спортко болгон кызыгуусун өбөлгөлөө максатында уюштурулууда.

Таймашка шаар кеңешинин депутаттары жана аппараты, шаар мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү, шаардын мамлекеттик кызматтары катышат. Катышуучулар “ылдам шахматтар” тартиби (10 мүнөт+3 секунда) менен күч сынашат.  

Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана байгелер менен сыйланат.