25.10.2018 12:09

Шаардык милиция мындан 7 ай мурун табылган өлүктүн өздүгүн аныктоодо жардам сурайт

Шаардык милиция мындан 7 ай мурун табылган өлүктүн өздүгүн аныктоодо жардам сурайт

Бишкек шаардык милициясы мындан 7 ай мурун жансыз денеси табылган адамдын өздүгүн аныктоодо шаар тургундарынан жардам сурайт. Мындай билдирүүнү аталган мекеменин маалымат кызматы таратты. 

Үстүбүздөгү жылдын 6-мартында саат 11:00 чамасында Бөкөнбаев көчөсү менен Кулиев көчөсүнүн кесилишинин батыш тарабынан, өрт өчүрүүчү бөлүктүн оң жагынан 45-50 жаштагы азиат улутундагы  белгисиз адамдын сөөгү табылган.

«Маркумдун денесинде киши колдуу болгонун тастыктаган эч кандай шектүү белгилер жок. Үстүндө кара куртка, ак жемпер, көк-ак  чакмактуу көйнөк, кара шым, кара байпак, кара көлөч болгон», -деп жазат Бишкек ШИИБ.

Бул адамды тааныгандар же ал тууралуу кандайдыр-бир маалымат билгендер Ленин райондук ИИБге кайрылып, же 0 559 808 580, 0 552 102 670, 0 (312) 352605 номерлерине чалса болот. 
 

 
Сүрөттөрдү көрүү