28.12.2018 12:47

Шаардык сот Райымбек Матраимовду колдоду. Эми өкмөт Жогорку Сотко арызданат

Шаардык сот Райымбек Матраимовду колдоду. Эми  өкмөт Жогорку Сотко арызданат

Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык сотунда Райымбек Матраимовдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анда соттук коллегия Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Матраимов 2017-жылдын ноябрында ошол кезде өкмөт башчы кызматында турган Сапар Исаковдун буйругу менен «иш-аракеттери саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйөнүн негизинде Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган.

2018-жылы 26-апрелде Матраимов «мени негизсиз жумуштан алды» деп Сапар Исаковду сотко берген. Анда Райымбек Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындоону талап кылган эле.

25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.