19.09.2018 14:04

Шашылыш билдирүү: 21-24-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт

Шашылыш билдирүү: 21-24-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт

ӨКМ 21-24-сентябрь күндөрүнө карата шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордогу жайлоолордо жаан карга айланышы жана бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши мүмкүн. 21-24-сентябрь күндөрү абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө +16…+21°, Талас өрөөнүндө +13…+18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +20…+25°, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +11…+16°, тоолуу райондордо +5…+10° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.