Шашылыш билдирүү: 21-24-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт
ӨКМ 21-24-сентябрь күндөрүнө карата шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордогу жайлоолордо жаан карга айланышы жана бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши мүмкүн. 21-24-сентябрь күндөрү абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө +16…+21°, Талас өрөөнүндө +13…+18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +20…+25°, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +11…+16°, тоолуу райондордо +5…+10° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: