02.10.2019 09:42

Шашылыш билдирүү! Бүгүн-эртең үшүк жүрөт

Шашылыш билдирүү! Бүгүн-эртең үшүк жүрөт

Алдыдагы күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Шашылыш билдирүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 2-октябрда жана эртең, 3-октябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда  0…-2°, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° суук болот. Мындан улам, үшүк жүрүшү күтүлөт.