04.11.2019 11:06

Шашылыш билдирүү! Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

Шашылыш билдирүү! Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-5-ноябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

5-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан карга айланышы күтүлөт. Электр чубалгыларына жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-6-ноябрь күндөрү абанын температурасы төмөндөп Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -0… -5° суук, күндүз +1…+6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…+5°, күндүз +7…+12° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -0…-5° суук, күндүз +2…+7° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1 …+4°, тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт.

«Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат», - деп айтылат маалыматта.