04.03.2019 17:24

Шашылыш билдирүү! Жакынкы арада Чүй жана Бишкекте катуу шамал күтүлөт

Шашылыш билдирүү! Жакынкы арада Чүй жана Бишкекте катуу шамал күтүлөт

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт. Мындай шашылыш билдирүүнү КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.

Маалыматта «Бүгүн, 4-мартта жакынкы 3 саат аралыгында жана 5-мартка караган түнү Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө болжол менен ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн» деп жазылат.

Мындан улам, жарандарды сак болууга, колдон келсе, көчөгө чыкпай турууга чакырабыз. Эски бак-дарактардын, жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн жанынан өтүүдө абайлаңыз. Унааңызды бак түбүнө койбоңуз. 

Ошондой эле, ӨКМ билдиргендей, Талас облусунун аймагында саат 17:00дөн тартып болжол менен ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталууда.