11.10.2019 15:01

Шашылыш билдирүү! Жакынкы сааттарда Бишкекте катуу шамал болушу күтүлөт

Шашылыш билдирүү! Жакынкы сааттарда Бишкекте катуу шамал болушу күтүлөт

Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул туурасында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

«Бүгүн, 11-октябрда Бишкек шаарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге жана Чүй өрөөнүндө болжол менен ылдамдыгы секундасына 24 метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн. Сак болуңуздар!», -деп айтылат маалыматта. 

Мындан улам, калаа мэриясы жарандарды сак болууга чакырды. Жарандарга унааларын бактардын жана кулап кетиши мүмкүн болгон объектилердин жанына токтотпоо сунушталат.

Өзгөчө кырдаал жаралса, 1840 жана 1850 номерлерине чалууга жана сүрөт, видеолорду  0554 -182-185 номерине жөнөтсөңүздөр болот.