29.03.2019 19:09

Шашылыш билдирүү! ӨКМ айдоочуларды Бишкек-Ош каттамы боюнча сапарга чыкпоого чакырат

Шашылыш билдирүү! ӨКМ айдоочуларды Бишкек-Ош каттамы боюнча сапарга чыкпоого чакырат

Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар  министрлиги шашылыш кабарлады.  

«Аба-ырайынын кескин өзгөрүп, Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолунун «Сосновка», «Арал» посттору жана Өтмөк ашуусунда 29-мартта саат 22:00дөн тартып, 30-март саат 10:00гө чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылат. Ошол себептен сапарга чыкпооңуздарды эскертебиз», -деп айтылат маалыматта.