09.08.2018 15:37
Шашылыш билдирүү. ӨКМ карга айланчу жаан, катуу шамал тууралуу эскертет
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ага караганда, 2018-жылдын 12-13-августтарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши мүмкүн.12-августта күндүз жана 13-августта абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: