19.03.2019 10:39

Шашылыш билдирүү! Өлкөдө аба ырайы бузулат

Шашылыш билдирүү! Өлкөдө аба ырайы бузулат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка караганда, 2019-жылдын 19-мартынан 21-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Атап айтканда, айдоочулар Төө-Ашуу ашуусунан, Чычкан капчыгайындагы Ала-Бел ашуусунан, Чапчымадан, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарынан, Мырзаке-Кара- Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарынан өтүүдө абайлашы зарыл.  Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши шарт.

Өлкө боюнча 20-21-марттарда жана 23-мартта туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 20-21-марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 22-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

23-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

20-21-марттарда жана 23-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. 

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.