13.02.2020 12:42

Шайлоо алдында айрым шаардардын жашоочуларынын саны тынымсыз өсүүдө

Шайлоо алдында айрым шаардардын жашоочуларынын саны тынымсыз өсүүдө

Ош, Токмок жана Каракол шаарларынынын жашоочуларынын саны акыркы бир ай ичинде кескин өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

2019-жылы Ош шаарына 36 миң 35 жаран каттоого турса, Токмокко 9 миң 220, Караколго 5 миң киши катталган.

2020-жылдын 1-январынан тарта 11-февралына карата Ош шаарына 33 миң 805 киши катталды. Токмокко 6 миң 950, Караколго 2 миң 798 киши көчүп барды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов 13-февралда парламент жыйынында билдиргендей, Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турду.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.

Парламент депутаттары шаардагы бир үйгө жүздөгөн адамдарды каттоого тургуза берүүгө мыйзамда тыюу салынбай турганын белгилеп, муну тескеш үчүн токтом же кандайдыр эреже иштеп чыгуу маселесин көтөрүштү.