18.02.2020 11:02

Шайлоо-2020: Ош шаарында бир үйгө 1 300 жаран каттоого турган

Шайлоо-2020: Ош шаарында бир үйгө 1 300 жаран каттоого турган

Ош шаарында бир үйгө 1300 жаран катталганын мамкаттоо кызматы маалымдаганын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Ачык шайлоо kg» аттуу Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Ош шаарында 2020-жылдын 1-январынан баштап 11-февралына чейин 33 миң 805 адам жаңы каттоого турган.

Эске салсак, 2020-жылдын 1-январынан 11-февралына чейин шайлоо өтө турган шаарларга аймактардан келип каттоого турган жарандар көбөйгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов 13-февралда парламент жыйынында билдиргендей, Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турду.

Бирок мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтылган.

12-апрелде добуш берүүгө шайлоо укугу бар, катталган жерине жараша жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар катыша алат.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.