08.05.2019 14:32

Шайлообек Дүйшеев: Илгери ката жазылган бир сөз үчүн атууга кеткендер болгон, азыр бизде өкмөт ката жазат

Шайлообек Дүйшеев: Илгери ката жазылган бир сөз үчүн атууга кеткендер болгон, азыр бизде өкмөт ката жазат

«Кыргыз тилин жайылтуу үчүн алгач аны үйрөнүүгө муктаждык жаратыш керек», -деп билдирди Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси  Шайлообек Дүйшеев. Акын «Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» берүүсүндө ар кыл суроолорго жооп берип, кеңири маек курду.

Анын айтымында, муктаждык болмоюнча, кыргыз тили эч качан өнүкпөйт. «Ар бир жаран, мейли башка улуттун өкүлү болобу, же кыргыз болобу, Бишкекте кызматка киргенде кыргызча сүйлөбөсө нан таап жей албагандай абалга жеткирсе, тызылдаган боюнча барып үйрөнмөк. Биз китептен-китеп көтөрүп, китептен китеп жазып, «ме момуну окусаң үйрөнөсүң» деп отурбайт элек. Андай муктаждыкты мамлекет жаратыш керек. Бирок, мындай  кадамга барууга мамлекеттин эрки жетеби», -дейт Эл акыны.

Ошондой эле, Шайлообек Дүйшеев учурдун көйгөйү болгон сабатсыз жазуу маселесине да токтолду.  «Илгери «Правда» деген Советтер союзунун эң чоң, эң башкы гезити бар болчу.  Ошондо «Сталинград» деген сөздүн «р» тамгасы түшүп, Сталингад болуп калган үчүн атууга кеткендер болгон деп айтышчу. «Председатель Брежнев» деген сөз  «предатель» болуп басылып калганы үчүн далайлар жаза алышкан. Бир ката үчүн башың менен жооп берчүсүң. Ал кезде гезиттерде корректор деген кызмат боло турган. Эң эле сабаттуу киши корректор болчу. Катасын ошол корректор оңдоп турчу. Азыр гезиттерде корректор деген жок экен. Ар ким компьютерде өзү басып эле чыгара берет  экен, анан ката деген укмуш. Ошого көңүл бөлбөй жүрө берип, «Коррупция 7-кабатка жетти» деп Акаев айткандай, азыр ката көчөдөгу көрнөк-жарнак тургай, 7-кабатка жетти. Кудайбердиева (билим берүү министри -ред.) «Эки ката кетсе эмне болмок эле?» деп жатпайбы. Президентти сүйлөтүп коюшуп, астынан ката жазуулар кетип жатат.  Уялышпайбы! «Керек болсо оңдоп алгыла» деп, министриң баш болуп, шылдыңдап, өзүбүз шылдың болуп атабыз» -дейт акын. 

Анын айтымында, кыргыздардын эң жаман сапаты – өзүн-өзү жеригени. «Бизди илгери, өзүбүздүн кийимибизди, жакшынакай каада-салттарыбызды «бул эскирген, таптакыр  караңгы адамдын жасай турган иши» деп жийиркентип, жек көрдүрүп отуруп, ушул нерсе бүгүн жаштарга өтүп кетти.  Өткөндө Япониядан 2 музыкант кыз келип, бири Ат-Башыда, бири Кеминде жүрүп кетти. Кетеринде кыргызча суудай сүйлөп калышыптыр. Алар Кара Молдонун, Токтогулдун, Ниязаалынын ноталарын, күүлөрүн алып кетишти. Бирден мыкты, өрүк комуздарды чаптырып көтөрүп кетишти. Күүлөрдү эмне кылаарын сурасам,  япон балдарына үйрөтөбүз дешти. Ошол кезде Ишенбай Абдразаков деген агаңардын көзү тирүү болчу, Японияда көп жыл элчи болуп келген киши, япон тилин, тарыхын дагы жакшы билген киши. Андан сурадым. Ал «Эй, Шайлообек, качандыр бир замандарда япондордо комузга окшогон музыкалык аспап чыкса, таарынба. Булардын жаштары барган жеринин эң мыкты дегендерин өздөштүрүп  алып кетет.  Анан өз элине жайылтып, иштеп чыгат. Булар- ушундай эл»,-  деди. Эң жакшы нерсени алып кетишет экен. Ошон үчүн өнүгүп жатышса керек. Биз өзүбүз баалабай жаткан нерсеге ошол япон кыздары суктанып атат. Өз баалууктарыбызды, өз дөөлөттөрүбүздүн жакшы жагын биз өзүбүз аябай үйрөнүшүбүз керек эле», -дейт Шайлообек Дүйшеев.