26.04.2018 10:27

Шектүүнү кармайм деп, куралын тарттырганы аз калды. Милицияга кол салгандар изделүүдө

  кылмыш дүйнөсү (1 материал)
Шектүүнү кармайм деп, куралын тарттырганы аз калды. Милицияга кол салгандар изделүүдө

25-апрель  күнү «102» кызматына саат 17:28 чамасында Урицкий жана М.Ганди көчөлөрүндө белгисиз унаадан  жарым жылаңач кызды таштап кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам тобуна кыз  өзүнө карата кылмыш жасалганын билдирген. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИБнын маалымат кызматы билдирет. 

Аймакты  карап чыгуу маалында  жабырлануучу укук коргоо органдарына  Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинен шектүү адамдардын бирин көрсөткөн.  

Жаранды колго түшүрүү маалында белгисиз адамдар тобу милиция кызматкерлерин курчап алып, ишине жолтоо кылып, кетирбей коюшкан. Алардын бири укук коргоочулардын биринин табелдик куралын (Макаров тапанчасын) алууга аракет кылган. Мындан улам милиция кызматкери курал колдонууга аргасыз болгону айтылат.  

Кармалган 1976-жылкы шектүү менен  жабырлануучу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Материалдар тергөө кызматына берилди.

Ал эми милиция кызматкерлерине адамдар тобу каршылык көрсөткөн жерге тергөө-ыкчам тобу жиберилди. Бул факт Ленин райондук ички иштер  башкармалыгында катталды. Учурда бул боюнча ар тараптуу иликтөө жүрүп жатат.