30.08.2019 22:26

Ширин Айтматова: Өлкөдөгү көйгөйлөрдүн көбүнүн тамыры- парламент

Ширин Айтматова: Өлкөдөгү көйгөйлөрдүн көбүнүн тамыры- парламент

Экс-депутат Ширин Айтматова Эгемендүүлүк күнүнүн алдында кыргызстандыктарга кайрылды. Видеоролик YouTube-каналга жайгаштырылды.

Кайрылууда Айтматова Кыргызстан эгемендүүлүктүн 28 жылдыгын белгилөө алдында турганын, бирок 28 жылдан бери өлкө дүйнөнүн эң жакыр мамлекеттеринин катарына кошулуп калганын билдирди. 

Анын айтымында, өлкөнүн бардык жагында, системалуу коррупция орноду: айлыгы өтө көп эмес аз көз аткаминерлер заңгыраган хансарайларды биринин артынан бирин куруп жатат, чет мамлекеттерден кыймылсыз мүлк сатып алып жатышат, алардын балдары чет жактарда кымбат баалуу жогорку окуу жайларда окушат, өздөрү болсо, мыкты курорттордо эс алышат. 

Ширин Айтматова өлкөдөгү көйгөйлөрдүн көбүнүн тамыры парламент экенин кошумчалап, мындан улам ууру жана коррупционерлердин бетин ачып, мандатын жеке кызыкчылыгы үчүн колдонуп жаткан депутаттарды көрсөтүү жана өлкөнү өнүктүрүүнүн башка жолдорун сунуштоо үчүн «Үмүт-2020» элдик кыймылын түзгөнүн билдирди. Ошондой эле, кыргызстандыктарды кыймылга кошулууга чакырды.