20.12.2019 11:29

Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевдин камалышы боюнча ИИМ өз версиясын билдирди

Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевдин камалышы боюнча ИИМ өз версиясын билдирди

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы экс-депутат Ширин Айтматованын күйөөсүнө байланыштуу кылмыш ишин тергей баштады. Бул тууралуу 20-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Айтматованын күйөөсү Кенжебаев Бишкек милициясынын тергөөчүсү У.Биялиев жана орусиялык жаран С.Богданов менен бирге 2013-жылы мыйзамсыз ишке барганын айтып Виктор Гавришев аттуу бишкектик тургун президентке жана башкы прокурорго арызданган.

2013-жылы 11-ноябрда Башкы прокуратура Егор Гавришев деген кыргызстандык башка адамдар менен бирге жалпы баасы дээрлик 809 миң долларлык 810 даана спутник телефондорун 20 миллион сомдук бажы төлөмдөрүн төлөбөй Кыргызстанга ташып киргени боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жазык кодексинин “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “шалаакылык” беренелери менен козголгон иш ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылып, ошол эле жылдын 13-сентябрында С.Богданов телефондор боюнча тийиштүү документтердин көчүрмөсүн көрсөткөн.

Ал эми 17-декабрда Егор Гавришев кайда экени белгисиз болгондуктан Жазык кодексинин “Аткезчилик” жана “Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө” беренелеринин негизинде сыртынан кылмыш жообуна тартылган.

2019-жылдын 19-февралында Егор Гавришев "Манас" аэропортунан кармалып, 20-февралда “Экономикалык аткезчилик” беренеси боюнча үй камагына алынган.

Иликтөө учурунда Егор Гавришевдин атасы Виктор Гавришев уулуна карата кылмыш ишин жасалма жол менен ачтырууга тергөөчү У.Баялиев жана Сыргак Кенжебаев аркылуу орус жараны С.Богданов айыптуу экенин айтып арызданганы белгилүү болду.

Кенжебаев “Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматованын күйөөсү.

Ал 20-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Атайын кызмат Кенжебаев "ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн" деген негизде кармалганын расмий билдирди.