Штаб: Коронавирусту кайдан жугузганын билбегендер көп кайрылууда

Штаб: Коронавирусту кайдан жугузганын билбегендер көп кайрылууда

Вирустун белгилери бар жарандар медициналык мекемелерге өзү кайрылган фактылар көп чыгып атат, алар оорулуулар менен түз байланышта болгон эмес, кайдан, кантип илдетти жуктуруп алганын да билишпейт. Мындай билдирүүнү КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Айтымында, бул оорунун очокторунун көбөйгөндүгүнөн кабар берет.

“Демек, бардык коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл, санитардык талаптар, үй карантини, обсервация режими жана башка бекитилген ченемдер так сакталышы керек. Ар бир адам кайдыгерлиги үчүн жоопко тартылаарын унутпашыңыздар керек. Күтүлбөгөн жерден оору болуп кетпеши үчүн, кырдаал көзөмөлдөн чыкпашы керек. Жарандар коомдук жайларда, коомдук транспортто, эл көп топтолгон жерлерде өз коопсуздугу үчүн беткаптарды кийүүлөрү зарыл”, - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Учурда республика боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 1594 кишиге жетти. Ичинен 1066сы сакайып, ооруканадан чыгарылган. Ооруканаларда 512 бейтап жатышат. 6 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө. 16 киши коронавирус илдетинен каза табышкан.