31.05.2020 14:48

Штаб: ПЧР-анализдин жыйынтыгы 1 сутка ичинде чыгарылышы зарыл

Ар бир аймакта COVID-19 дартын жуктуруп алгандар менен контакты болгон жактардан алынган ПЧР-анализдин жыйынтыгы 1 сутка ичинде чыгарылышы зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, Нарын аймагындагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнү күчтөндүрүү керек.

«Бул максатта регионго Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев жөнөтүлдү. Мындан тышкары жакынкы күндөрү борбордон регионго тажрыйбалуу вирусолог жана ПЧР-анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн. Учурда ал аймакта анализдердин жыйынтыгы 3-4 күнгө созулуп кетүүдө, ал эми штабдын талабы боюнча, оорулуулардын анализинин жыйынтыгы 1 суткадан кечиктирилбестен чыгарылышы зарыл. Мунун өзү оорунун жаңы учурларын кыскартууга шарт түзөт», - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр Россия Федерациясынын Соль-Илецк шаарынан кайтып келген жарандардан жеринде экинчи ирет ПЦР-анализ алынып, кезектеги штабдын кеңешмесинде ал боюнча так маалымат берүүнү тапшырды.

Кеңешменин жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тийиштүү мамлекеттик органдар коомдук саламаттыкты камсыздоо иретинде коомдук жайларда жана ири соода түйүндөрүндө Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сунушталган санитардык-гигиеналык талаптар так сакталышын камсыздоо зарыл экендигин баса белгиледи.

Бүгүнкү күнгө карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1748 кишиге жетти. Республика боюнча  жалпы 1170 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.