12.07.2018 09:26

«Шумкар» полкунун милиционерлери көлгө чөгүп бараткан кызды аман алып калышты

«Шумкар» полкунун милиционерлери  көлгө чөгүп бараткан кызды аман алып калышты

«Шумкар» атайын багыттагы полкунун милиция кызматкерлери 24 жаштагы Бишкек шаарынын тургунунун өмүрүн сактап калышты. Бул туурасында полктун маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя Ысык-Көл облусундагы «Алтын-Кум» пансионатында болгон. Коомдук тартипти көзөмөлдөп жүргөн тартип сакчылар көл жээктегилердин ызы-чуу түшкөнүн байкап, ал жерге барган кезде, сууга чөгүп бараткан кызды көрүшкөн.

Милиция кызматкерлери алгач кызга куткаруучу баллон ыргытышып, андан кийин старшина Бактыбек Маматкабыл уулу сууга секирип, кызды аман-эсен тартып чыккан.