18.09.2018 16:40

Сирия бортунда 15 аскер кызматкери бар Россиянын учагын атып түшүрдү

Сирия бортунда 15 аскер кызматкери бар Россиянын учагын атып түшүрдү

Россиянын Ил-20 аскер учагы Жер Ортолук деңиздин үстүндө Сириянын асман чабуулунан коргонуу тутуму тарабынан атылып, түшүрүлдү. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинен билдиришти. 

Учактын бортунда 15 адам болгон, анын баары каза тапты. 

Министрликтин маалыматына караганда, Ил-20 учагын кечээ, 17-сентябрда Сириянын аймагын аткылоого алган Израилдин тик учагынын айынан атып түшүрүшкөн. Израиль ракета менен аткылоо пландалып жатканы туурасында Россияны соккуга бир мүнөт калганда эскерткендиктен, Ил-20ны коопсуз аймакка чыгарып кетүүгө үлгүрбөй калышкан.

Коргоо министрлиги билдиргендей, Израилдин F-16 тик учагы «орусиялык учакка жашынуу менен» бул кырсыктын келип чыгышын шарттады. Мындан улам, Россия Израилдин бул кылыгын душмандык катары эсептеп, орус аскер кызматкерлеринин өлүмү үчүн күнөөлүү деп билдирди.

Ал эми, Израилдин элчилиги бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.