17.10.2019 08:53

Сириянын түрмө жана лагерлеринде беш жүзгө жакын кыргызстандыктар бар

Сириянын түрмө жана лагерлеринде беш жүзгө жакын кыргызстандыктар бар

Сириядагы атайын лагерлер менен түрмөлөрдө беш жүздөй кыргызстандык кармалып турат. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

Тургунбаевдин айтымында, учурда ал жактагы аялдар менен балдарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат.

«Сирияда жүргөн жарандар: анын ичинде аялдар, балдар боюнча идентификациялоо иштери жүрүп жатат. Беш жүздөн ашык кыргызстандык качкындар лагеринде, түрмөлөрдө жатат. Аларды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат», - деди Тургунбаев.

Буга чейин Сириядагы качкындар лагеринде кармалып жаткан кыргыз жарандары менен жолугуп, дайынын билиш үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык корпусу аркылуу жүрүп жатканы айтылган. Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтарып келиш үчүн өкмөттө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумуш тобу түзүлгөн. Разаков Иракта согуш тутанган аймактардагы лагерлерде кыргызстандык 78 бала бар экени такталганын, алардын апалары түрмөдө отурганын айткан.

2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга сегиз жүздөй кыргызстандык барып кошулганын, эки жүзгө чамалуусу каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин жүз элүүгө жакыны - аялдар.