04.04.2018 17:41

Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан жаран кармалды

Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан жаран кармалды

2018-жылдын 28-мартында КР МУКК тарабынан Сирия жана Ирак аймагындагы бандиттик түзүмдөрүнүн курамында согуш аракеттерге катышып, террордук актыларды даярдоо максатында жиберилген эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) согушкерлеринин Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө бөгөт коюу максатында улантылып жаткан контртеррористтик иш чаралардын алкагында, 1972-жылкы кыргыз жараны кармалды.  Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы билдирди. 

Кармалган жаран чет элдеги ЭТУ лагеринде диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сирия өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча комитеттин тергөө органы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинин 2-бөлүмү («Жалданмачылык») боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран МУКК Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.