15.03.2019 10:18

Сирияга жихадга катышууга камданып жүргөн кыргыз жараны колго түштү

Сирияга жихадга катышууга камданып жүргөн кыргыз жараны колго түштү

УКМК Эл аралык террористтик топко кирип кеткен Баткен облусунун тургунун кармады. «С.К» аттуу  кыргыз жараны КМШ өлкөлөрүнүн биринде эмгектенип жүрүп социалдык тармактар аркылуу Эл аралык террористтик уюм эмиссарларынын таасирине кабылып, алгачкы жоокердик даярдыктан өткөн.

ЭТУ башчыларына ант берип, Сириядагы ЭТУ бандиттик түзүлүштөргө кошулуу максатында «жихадга» катышып андан нары Турция-Сирияга мыйзамсыз өтүүгө, башка өлкөлөрдүн ЭТУ жалданмачы тобунун катарында болуп, андан нары Турцияга учууну пландаштырган.

Азыркы убакта УКМК органы тарабынан «С.К.» карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) жана 395-беренеси (Жалдануучулук) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштери тергелүүдө.

Кармалган адам КР УКМК Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

.