Сизде кийилбеген кышкы кийим барбы? Муктаждар менен бөлүшүңүз

Сизде кийилбеген кышкы кийим барбы? Муктаждар менен бөлүшүңүз

Бишкекте муктаж жарандарга гуманитардык жардам жыйноо башталды. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын «Кызыл жарым ай» улуттук коому үй-жайы жок адамдар, ошондой эле, бардык муктаж жарандар үчүн кышкы кийим жана бут кийим чогултуу акциясын өткөрүүдө.

Сизде кийилбей калган, бирок, жакшы абалдагы кышкы кийимдер, бут кийимдер болсо, төмөндөгү даректердин бирине алып барып берсеңиздер болот:

  • «Коломто» баш калкалоочу жайы. Жайгашкан жери:  Жибек Жолу көчөсү, № 413, тел: 30-48-55;
  • Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы- Жибек Жолу көчөсү №495 б, тел: 67-04-33;
  • Октябрь райондук администрациясы – Байтик Баатыр көчөсү №17, тел. 51-02-63;
  • Свердлов райондук администрациясы – Чүй проспектиси  №28, тел: 53-0 3-68;
  • Кайрымдуулук борбору-  Трудовая көчөсү, № 10, тел: 64-48-71;
  • «Кызыл Ай» улуттук коому – Эркиндик гүлзары, № 10, тел: 30-01-90.