05.07.2018 11:59

Сочиде Чыңгыз Анарбек уулунун окуясы кайталанды. Бул ирет каза тапкандар бар

Сочиде Чыңгыз Анарбек уулунун окуясы кайталанды. Бул ирет каза тапкандар бар

Россиянын Сочи шаарында буга чейин Москвада болуп өткөн жол кырсыгы дал өзүндөй кайталанды — уктап кеткен такси айдоочусу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алды.

Окуя Сочинин Дагомыс кичирайонунда 4-июль күнү  болуп өттү. Мурунку кыргызстандык таксист  катышкан жол кырсыгында 8 адам денесине жаракат алып кутулса,  бул жолку кырсыкта курмандыксыз болгон жок.

63 жаштагы жергиликтүү тургун ошол жерден мүрт кетти. Эки аял оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Жабыркагандардын жалпы саны (каза болгон адамды кошкондо) үчтөн алтыга чейин деп айтылууда. Кырсыктын күнөөкөрү дагы ооруканада экени айтылат. 

Орус ЖМКларынын айтымында, анын аты Сергей, 23 жашта. Айдоочулук күбөлүктү 2016-жылы алган. Сурак учурунда жигит таксист болуп иштей турганын, 2 суткадан бери уктай элегин айткан. Унаасы менен элди сүзгөн учурду билбей калган, анткени уктап кеткен.