07.10.2019 11:06

Сочиде эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды

Сочиде эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды

Россия менен Абхазия чек арасында эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды. Бул туурасында орус басылмалары жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, эркек кишини паспорттук көзөмөлдөн өтүп жатканда кармашкан. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө анын Кыргызстандын аймагында кылмыш жасаганы үчүн эл аралык издөөдө жүргөнү аныкталды. Ага карата өлкөдө «Аткезчилик» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жүрүп жатканда, жаран качып кеткен. 

Кармалган адамды издөө салган тарапка жөнөтүү үчүн жергиликтүү полиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.