19.09.2019 13:40

Социнтерн Кыргызстанга өз өкүлдөрүн жиберет. Уюм КСДП айланасындагы кырдаалга тынчсызданууда

Социнтерн Кыргызстанга өз өкүлдөрүн жиберет. Уюм КСДП айланасындагы кырдаалга тынчсызданууда

Социалисттик Интернационал КСДПнын айланасында болуп жаткан окуяларга тынчсызданууда, мындан улам Кыргызстанга өз өкүлдөрүн жиберет. Бул туурасында КСДПнын маалымат кызматынан билдиришти.

Социалисттик Интернационал дүйнө жүзү боюнча жүз кырктан ашуун социалисттик жана социал-демократиялык партияларды бириктирген уюм. Бул уюм Кыргызстанда акыркы учурларда КСДП тегерегинде болуп жаткан окуяларга көңүл кош эмес. 

«Социнтерндин аппараты жакынкы арада Бишкекке өз өкүлдөрүн жибере турганын айтып, КСДП Саясий кеңешине кат жолдоду. Алар кырдаалды жеринде изилдешет. Уюм 2018-жылдан бери өзүнүн мүчөсү болуп келген КСДПга Кыргызстан бийлиги улам күчөп кысым көрсөтүп жатканына тынчсызданып жатат. Сапарынын жыйынтыгы менен таасирдүү эл аралык уюм бул маселе боюнча өзүнүн так көз карашын билдирет», -деп айтылат маалыматта.