05.04.2019 15:15

Социнтерн уюму, «Единая Россия» жана «Справедливая Россия» КСДПнын 18-съездинин катышуучуларын куттукташты

Социнтерн уюму, «Единая Россия» жана «Справедливая Россия» КСДПнын 18-съездинин катышуучуларын куттукташты

Социнтерн уюму, «Единая Россия» жана «Справедливая Россия» партиялары КСДПнын 6-апрелде өтө турган 18-съездинин катышуучуларын куттукташты. Бул туурасында партиядан билдиришти. 

Социалисттик Интернационал уюмунун башкы директору Луис Айала Социнтерндин атынан КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаевге жана партия мүчөлөрүнө кат жөнөттү. 

«Сиздердин партиянын өткөн жылы биздин глобалдык саясий үй-бүлөбүзгө толук кандуу мүчө катары кошулганы абдан жагымдуу болду. Бүгүнкү күнү биз сиздер мененбиз, анткени, сиздер биримдик жана кыргыз элинин жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн чоң аракеттерди көрүп жатасыздар», - деп айтылат катта.  

«Единая Россия» партиясынын Башкы советинин катчысы Андрей Турчактын ишениминде, алдыдагы 18-съезд партиянын өлкөнүн ичиндеги жана анын чегинен тышкаркы көз карашын бекемдөөдө маанилүү кадам болот, Кыргыз Республикасынын мындан ары өнүктүрүү үчүн максаттарды жана милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн кошумча түрткү берет.

«КР президенти болуп турганда, орус-кыргыз алакаларын бекемдөөгө көрүнүктүү салым коштуңуз, эки тараптуу байланыштын сапаттуу жаңы деңгээлин калыптандырууга көмөк көрсөттүңүз. Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык улана берет деп ишенебиз», - деп жазган «Справедливая Россия» партиясынын төрагасы Сергей Миронов КСДП лидери Алмазбек Атамбаевге жазган катында. 

Социнтерн, «Единая Россия» жана «Справедливая Россия» партиялары алдыдагы съезд делегаттарына ийгилик жана жемиштүү иш, Кыргызстан элине - тынчтык, жыргалчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалашты.