17.01.2020 14:03

Социнтерндин башкы катчысы Кыргызстандагы оппозициялык басылмалардын өкүлдөрү менен жолугуп, сөз эркиндигин талкуулашты

Социнтерндин башкы катчысы Кыргызстандагы оппозициялык басылмалардын өкүлдөрү менен жолугуп, сөз эркиндигин талкуулашты

Социнтерндин башкы катчысы Луис Айала КР оппозициялык ЖМКларынын редакторлору менен жолукту. Тараптардын көңүл чордонунда Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча маселе болду.  

Жолугушуу “Апрель” телеканалынын жаңы офисинде өттү. Ага эки басылманын жана эки телеканал – “Апрель” менен “7-каналдын” өкүлдөрү, экс-президенттин кенже уулу Кадыр Атамбаев, КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков катышышты.

Талкуу маалында эки басылмага карата сотко берилген арыздар, “Апрель” телеканалына коюлган бөгөт, “7-каналдын” рейдерлик жол менен тартылып алынышы, ЖМКлардын башчыларына жана журналисттердин дарегине түшүп жаткан коркутуулар, куугунтуктоо маселелери козголду.

Өз кезегинде Социнтерндин башкы катчысы Луис Айала демократиянын өнүгүшү үчүн өлкөдө сөз эркиндигин коргоп калуу маанилүү экендигин белгилеп, аталган көйгөйлөрдү эл аралык деңгээлде көтөрүп чыгаарын убадалады.