31.07.2019 15:30

Соцтармактагылар Бакиев тууралуу тасма жана УКМКнын эскертүүсү жөнүндө кандай ойдо?

Соцтармактагылар Бакиев тууралуу тасма жана УКМКнын эскертүүсү жөнүндө кандай ойдо?

Кыргызстандагы NewTV жана «НурТВ» каналдары Курманбек Бакиевдин 70 жылдыгына карата качкын президентке жана анын жакындарына арналган документалдык тасма көрсөтүштү. Тасмада Бакиевдин президент болуп турган кездеги иштери жылуу маанайда эскерилип, авторлору Бакиевди мекениндегилер али да «сыйлап, жакшы көрүшөөрүн»айтышкан. 

Бул тасма чыгаар менен социалдык тармак колдонуучуларынын каарына калды.   

Бул көрсөтүүдөн кийин өлкөнүн Башкы коопсуздук кызматы К.Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, жана ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолуп, учурда издөөдө экенин эске салуу менен, телеканалдарга эскертүү берип тим болду. 

Былтыр Сооронбай Жээнбековдун көлдөн түшкөн сүрөттөрүнө мем жасаган дизайнер Никита Тарасенкону УКМК «президенттин ар-намысына шек келтирди» деген шылтоо менен чакырып, суракка алган. Быйыл «Оштогу уюшкан кылмыштуу топ» атындагы тамашалуу сүрөтү үчүн Коопсуздук орган аны кайра суракка чакырган. Интернетке жүктөлгөн зыяны жок сүрөттөр үчүн мындай иш-аракетке барган УКМКнын Бакиевди эфир аркылуу бүтүндөй өлкөгө даңазалап жаткан телеканал ээлерине эскертүү берүү менен чектелгени албетте, айрым интернет колдонуучуларын таң калтырды.  

Коопсуздук боюнча эксперт, атайын кызматтардын ардагери Максат Мамытканов April.kg порталына УКМКнын биринчи жолкусунда эскертүү менен чектелгени туура деген оюн билдирип, эгер бул көрүнүш дагы кайталана турган болсо, эл өзү телеканалга чара көрөөрүн эскертти.

«Тасманын көрсөтүлүшү элдин кыжырын келтирди. Бирок, бул - анын авторлорунун көз карашы. Коопсуздук кызматынын биринчи жолку эскертүүсүн журналисттер туура түшүнүшү керек. Эгерде дагы бир жолу кайталанса, демек, бул аталган телеканалдын журналисттеринин Бакиевдерге коюлган күнөөлөрдү моюндарына албаганы, Бакиевдердин кандуу режимин колдогону катары бааланат. Анда жоопко тартылышат. Эгерде экинчисинде да УКМК чара көрбөй койсо, биз өзүбүз, патриоттор, 7-апрелде запкы көргөндөр чогулуп барып туруп, УКМКга да, телеканалга чара көрөбүз»,-деди Максат Мамытканов.