16.10.2019 17:39

#Соцтармактар: депутаттар капарга илбеген маселелер

#Соцтармактар: депутаттар капарга илбеген маселелер

Соцтармак колдонуучулары менен айрым жергиликтүү ЖМКлар бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда болуп жаткан кызык кырдаалды байкашты.  

Айрым маалыматтарга караганда, бүгүн саат 11:40 парламенттин жыйынында болгону 7 депутат отурган. Бир нече сааттан кийин алардын саны 12 болду. Белгилей кетсек, бизде 120 эл өкүлү бар. 

Колдонуучулар депутаттар «өзгөчө капарга илбеген» маселелерди бөлүп көрсөтүштү. Алар бүгүн каралмак. Тизме менен келтирсек: 

1. «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (экинчи окуу)

2. «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (экинчи окуу) 

3. «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (биринчи окуу) 

4. «Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (биринчи окуу)

Башкача айтканда, өкмөт өкүлдөрү дээрлик бош залга мыйзам долбоорлору тууралуу түшүндүрмө берип жатышат.