23.08.2018 14:12

Сокулук районундагы Новопавловка айылында чыккан өрт чектөөгө алынды

Сокулук районундагы Новопавловка айылында чыккан өрт чектөөгө алынды

Сокулук районундагы Новопавловка айылында чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, Новопавловка айылынын Ворошилов жана Киров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үй өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө  саат 12:20 чамаларында түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылып, саат 13:52де өрт чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүүдө.