Сокулукта асынып алган окуучунун өлүмү боюнча иликтөө иштери башталды

Сокулукта асынып алган окуучунун өлүмү боюнча иликтөө иштери башталды

Чүй облусунун Сокулук районунун Арал айылында 15 жаштагы кыздын өлүмү боюнча факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Маалым болгондой, окуя 2019-жылдын 6-июнда катталган. Райондук милицияга аймактык ооруканадан жашы жете элек өспүрүмдүн өз жанын кыйганы тууралуу кабар түшкөн. Өспүрүмдүн сөөгүн аталган айылдагы үйлөрдүн биринин короосунан табышкан.

Окуучу кыздын жакындары ким экендиги, кайда жашай турганы такталды. Учурда иштин башка жагдайлары иликтенип жатат.

Буга чейин Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2018-жылы 88 өспүрүм суицидге барганын, анын 83 мектеп окуучусу экенин билдирген. Былтыр жанын кыйгандардын элүү төртү кыз, калганы эркек балдар болгон.