30.09.2019 09:44

Сокулукта эки бир тууган ажатканага түшүп кетип, каза табышты

Сокулукта эки бир тууган ажатканага түшүп кетип, каза табышты

Чүйдүн Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында эки бир тууган ажатканага түшүп кетип каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, окуя 28-сентябрь күнү болгон. 1-класстын окуучусу ойноп жүрүп, кошунасынын тереңдиги 8 метрди түзгөн ажатканасына түшүп кеткен. Аны куткарууга барган 13 жаштагы агасы чыгара албай, кошо түшүп кеткен.

Жерине  4 куткаруучу тартылып, алгач улуусунун жансыз денеси чыгарылган,  кийин кичүүсүн табышкан. Сөөктөр туугандарына өткөрүлүп берилди.