29.01.2019 10:21

Сокулуктук пенсионер улут аралык кастыкты козутууга шектелип камакка алынды

Сокулуктук пенсионер улут аралык кастыкты козутууга шектелип камакка алынды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Сокулук районунун 55 жаштагы жашоочусу Гүлжамал Сапаралиеваны 2 айга камакка алды. Бул туурасында социалдык тармактагы баракчасында активист Аманбол Бабакулов билдирди. 

Аялды 313-берене – «улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутууга» шектеп жатышат. 

Активист жарыялаган документте, тергөөнүн пикири боюнча Сапаралиева 17-январда «Ала Тоо» аянтында өткөн митингде кылмыш жасаганы жазылат. 23-январда ал тергөө органдары тарабынан кармалган.

Учурда Гүлжамал Сапаралиева №1 Тергөө изоляторунда тергөөнүн бүтүшүн күтүп отурат. 

Эскерте кетсек, 17-январда Бишкекте кытайларга каршы митинг өткөн. Уюштуруучуларга шаардык мэриядан саат 10:00дөн 13:00гө дейре митинг өткөрүүгө уруксат берилген. Бирок, убагы бүткөндө уюштуруучулар келген элди тарата албай калышкан. Саат 15:00дөн өткөндө аянттагы коомдук коопсуздукту камсыздап турган тартип сакчылары тартип бузгандарды четинен кармап кете баштаган.

Бардыгы болуп 21 адам кармалган. Ошол эле күнү митинг катышуучуларына 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу менен үйлөрүнө кое беришкен.