07.08.2019 15:56

Солтон-Сарыда каршылык акциясын өткөрүп жаткандар менен бийлик бир пикирге келди. Жол жабылбайт

Солтон-Сарыда каршылык акциясын өткөрүп жаткандар менен бийлик бир пикирге келди. Жол жабылбайт

Солтон-Сарыда каршылык акциясын өткөрүп жаткандар Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолун жаппай калышты. Бул тууралуу kabar.kg агенттиги биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун сөзүно таянуу менен билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик айыл тургундары менен сүйлөшүп, бир пикирге келишти. 

«Жол жабылбайт, абал - көзөмөлдө. Zhong Ji Mining Company кытай компаниясынын ишмердүүлүгү жумуштагы техникалык мүчүлүштүктөрү үчүн токтотулду», - деп билдирген Боронов.

Эскерте кетсек, Нарын облусундагы Солтон-Сары кен жайын иштетүүгө лицензия алган кытайлык компания менен жергиликтүүлөрдүн чыры августтун башында башталган. 2-август күнү Нарын облусунда жергиликтүү тургундар менен Кытайдан келген жумушчулар ортосунда уруш чыккан. Жыйынтыгында 2 адам жабыркаган. 5-август күнү чатак уланып, андан 40 адам жабыркап, жыйырмасы ооруканага түшкөн.

Кен иштетилчү аймакка жакын жайгашкан айыл тургундары «Zhong Ji Mining» компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышууда. Алардын пикиринде, кенди иштетүү алардын ден соолугуна жана экологияга зыян келтирет. Каршылык акциясына чыккандар бийликтен алтын кен чыгуучу жайдагы иштерди токтотуп, бардык жумушчуларды чыгарып кетүүнү талап кылышууда.