06.08.2019 14:39

Солтон-Сарыны иштетип жаткан компания лицензиясын Жээнбековдун убагында алган

Солтон-Сарыны иштетип жаткан компания лицензиясын Жээнбековдун убагында алган

Кыргызстанда чет элдиктердин кен иштетүүсүнө каршы дагы бир жаңжал чыкты. Бул ирет нарындыктар Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык Zhong Ji Mining company ишканасына каршы чыгышууда.  

Буга байланыштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети аталган компания бардык уруксат берүүчү документтерге ээ экенин эскертти.

Мекеменин маалыматына караганда, ишкана Солтон-Сары алтын кенинин Бучук тилкесин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун 2013-жылдын 4-февралында алган. Бул лицензиянын мөөнөтү 2014-жылдын 31-декабрында аяктаган.

2018-жылдын 24-июлунда ишканага иштерди жүргүзүүгө лицензиялык макулдашуу берилген. 

Ушул эле ишкана 2009-жылдын сентябрында Бучук тилкесинде чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдаланууга лицензия алган, анын мөөнөтү ушул жылдын 31-декабрында аяктайт. 

«Zhong Ji Mining Company лицензиялык макулдашуунун алкагында иштеп жатат, бардык уруксат берүүчү документтери бар, Солтон-Сары кенинин Бучук тилкесинде иштерди жүргүзүүгө техникалык долбоордун корутундусу да бар. Учурда долбоорлук документацияны түзүү боюнча иштер жүрүп жатат», - деп билдиришти мекемеден. 

Белгилей кетүүчү жагдай, ишкана ишин жүргүзүүгө лицензияны 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда алган.