24.06.2019 15:30

Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди Жаңы жылы менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди Жаңы жылы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди Жаңы 2019-жылы менен куттуктады. Өз дарегине бүгүн, 24-июнда жеткен каттын сүрөтүн социалдык тармактагы өздүк баракчасына КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков жарыялады.

Катта президент: «Жаңы Жылда Кудайым Сизге бекем ден-соолукту, кажыбас кайратты, үй-бүлөлүк бакытты элиңизге арнаган ак эмгектин акыбетин тартууласын. Сиздин замандашыңыз, бир ой, бир максаттагы адамыңыз катары Сиз менен чогуу эмгектенгениме өтө сыймыктанам», -деп жазган. 

Султанбеков Сооронбай Жээнбековго куттуктоо каты үчүн ыраазычылык билдирип, каалоо-тилектерин жазуу менен: «Президентке ишинде ийгилик жана мынтип буттан чалбаган, ак ниет адамдардан команда топтоону каалайбыз» деп кошумчалаган.