02.11.2019 17:38

Сооронбай Жээнбеков: «Апрель» телеканалын мен жапкан жокмун

Сооронбай Жээнбеков: «Апрель» телеканалын мен жапкан жокмун

Бүгүн, 2-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуп жатат. Телеканал, радио, гезит жана интернет-басылмалардын жетекчилери өлкө башчысына суроо берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бул жолугушууга «Апрель» телеканалынын өкүлдөрү чакырылган жок. Бирок кесиптештер канал тууралуу президенттин эсине салып, анын факт жүзүндө жабылышына тынчсыздануусун билдиришти.

«Апрель» каналын мен жапкансышат. Мен аны жапкан жокмун», — деди президент. 

Сооронбай Жээнбеков телеканал көрсөтүүлөрүндө үй-бүлөгө чейин киришип кеткенине арызданды. 

«Алар үй-бүлөгө тийишип баштабадыбы. Бирок каналды мен жапкан жокмун», — деп баса белгиледи мамлекет башчы.

Мамлекет башчы ошондой эле өлкөдө оппозиция керек экенин билдирди. Анын пикиринде, Кыргызстанда күчтүү оппозиция жана күчтүү жарандык коом бар. 

«Эч жерде мындай жок. Бизде ЖМКлар күчтүү. Жазышат, сындашат, иликтөө жүргүзүшөт. Бул мен үчүн чоң жардам. Мен көбүн окуйм. Баарын окуп чыгууга убакыт табам. Ишенгиле, сен силердин бардык иликтөөлөрүңөрдү окуйм. Анан чара көрөм», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал кээ бирөөлөр аны опузалоого аракет кылышаарын мойнуна алды. 

«Андан пайда жок. Мен ачыкмын. Менин үй-бүлөм ачык. Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Мен эркин адаммын»

                                                                              

Ал эгер аппаратындагы кызматкерлер кайсы бир маселени чечүүдө аралашканы тууралуу фактылар болсо, аларды жазалоого даяр экенин билдирди. 

«Мага эч ким кеңеш бере албайт. Менин кеңешчилерим да жок. Мен чечимди өзүм кабыл алам. Албетте, маектешимди угам. Бирок чечимди өзүм чыгарам», — деди президент.

Ал бардык чечимдери үчүн өзү жооп бере турганын кошумчалады.