26.09.2019 09:00

Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Ысык-Көл облусуна кетти

Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Ысык-Көл облусуна кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Ысык-Көл облусуна кетти. Бул туурасында президент аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкө башчы Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушат.

«Мындан тышкары экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат», -дейт маалымат кызматы.