03.05.2018 11:24

Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ысык-Көлдө

Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ысык-Көлдө

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен - Ысык-Көл облусунда. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы бүгүн, 3-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна эки күндүк жумушчу сапар менен барды.

Өлкө башчы сапардын алкагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, курулуп жаткан социалдык жана инфраструктуралык объектилер менен таанышат.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапар менен Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунда, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда болгон.