08.08.2019 15:46

Сооронбай Жээнбеков: Кой-Таштагы операция бардык мыйзамды сактоо менен өттү

Сооронбай Жээнбеков: Кой-Таштагы операция бардык мыйзамды сактоо менен өттү

Кечээ Кой-Ташта экс-президентти тергөөгө мажбурлоо менен алып келүү операциясы бардык мыйзамды сактоо менен өттү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып билдирди. 

«Кечээ, 7-августта Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаев мыйзамды одоно бузду. Күч органдары тарабынан КР Конституциясынын жана КР Жазык-процессуалдык кодексинин нормалары толугу менен сакталды. Бирок Атамбаев тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу тоскоолдук кылды. Ал жана тарапташтары мыйзам талаасынан такыр чыгып кетишти. Бийликке карата сын айтылып жатканына карабай, Кой-Ташка кошумча күч жөнөтүлгөн жок. Кырдаалды курчутпоого аракет кылдык. Атамбаев тарабынан ок атылганына карабай, атайын күчтөр аягына чейин ок чыгарган жок.

Кан төгүлбөсүн деп желим ок колдонулду. Бийликтин кадыр-баркы төгүлсө да, мекендештерибиздин каны төгүлбөсүн дедик. Айтылган фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Күнөөлүүлөр сөзсүз түрдө жазага тартылат. Кечээки күнгө чейин Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат», -деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле УКМКнын жетекчиси кызматтан кетүүнү суранганын айтып, бирок азыр кызмат таштай турган маал эмес экенин билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш депутаттары кезексиз жыйынга чогулушту. Көпчүлүк эл өкүлдөрү кечээки Кой-Таштагы окуяга карата терс пикирлерин билдиришүүдө.