21.11.2018 15:42

Сооронбай Жээнбеков мурдагы өкмөт башчылар жана парламент спикерлери менен жолукту

Сооронбай Жээнбеков мурдагы өкмөт башчылар жана парламент спикерлери менен жолукту

Президент мурдагы спикерлер жана өкмөт башчылар менен жолукту. Экстер менен болгон кеңешме бир нече саатка созулду. Бул иш чарага журналисттер жолотулган жок. Катышуучулардын билдирүүсүндө жыйында Кыргызстандагы бүгүнкү коомдук-саясий абал, камактагы саясатчылардын жагдайы, сот реформасы, коррупцияга каршы күрөштөгү багыттар талкууланды. Ошондой эле, азыркы парламенттин алсыздыгына жана принциптеринин жоктугуна токтолушуп, эл өкүлдөрүн тандоо тутумун өзгөртүү сунуштарын да киргиздик дейт чакырылгандар.