25.12.2019 12:06

Сооронбай Жээнбеков: Өмүрбек Бабановго 25 суроону тергөө кызматтары беришет

Бүгүн, 25-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жайыны өтүүдө.

Мамлекет башчы суроолорго жооп берип жатып, Өмүрбек Бабанов боюнча дагы өз пикирин билдирди.

Айтымында, Өмүрбек бабанов өз партиясын кетип, саясий партиядагы төрагалык орун анын партиялаш досу Жээнчороевге тапшырылганынан маалыматы бар.

“Өмүрбек Бабанов - чоң саясат менен чоң бизнестин кызыкчылыгынын аралашып кеткендигинин эң таза үлгүсү. Азыр эми шарт түзүлүп, мүмкүнчүлүк берилди. Тергөө иштери жүрүп атат. Экономикалык иштер бар экен. Барып актансын”, - дейт Сооронбай Жээнбеков.

Мындан сырткары өлкө башчы өзүнүн президенттик шайлоо алдында Өмүрбек Бабановго берем деген 25 суроосун тергөө органдары берээрин белгиледи.

“Ал эми 25 суроо боюнча. Мен бергеним туура эмес го. Тергөө берет да. Мына ошол жерден жооп берет”, - деп билдирди мамлекет башчы.